• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош: Шайлоо участкаларында өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Ошто шайлоо участкаларында өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы текшерилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-сентябрда ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан облустун аймагындагы Кара-Кулжа, Кашка-Жол, Кара-Кочкор айыл өкмөттөрүндө жайгашкан №509, 5010, 5011, 5002, 5005 шайлоо учаскаларында өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы текшерилди.

Шайлоо участкаларында, мектептерде өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы жана өрткө каршы атайын шаймандар менен камсыздалышы тууралуу тийиштүү тараптарга түшүндүрүлүп, өрт коопсуздугу боюнча эрежелерди камтыган сунуш баракчалары берилди.

Пикир

Оставить комментарий