• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто шахмат боюнча мэрдин кубогу жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. Күн мурун, 16-февралда Ош шаарында алгачкы жолу өтүп жаткан өспүрүмдөр жана чоңдор арасындагы шахмат боюнча мэрдин кубогу жыйынтыкталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага Бишкек, Ош шаарларынан жана өлкөнүн бардык облустарынан 150 спортчу катышып, кыздар, балдар арасында 10 жашка чейин, 14 жашка чейин жана 14 жаштан жогору 6 топко бөлүнүп өткөрүлдү.

Мелдештин жабылышына шаардын вице-мэри Жасур Азимов, шаардык кеңештин депутаты Абдисаит Каримбеков, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасынын орун басары Улан Авазбеков, спорт сүйүүчүлөрү жана спортчулар катышты. Жеңүүчүлөргө диплом, медаль, уюлдук телефон жана башка баалуу белектер, Ош шаарынын мэринин кубогу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий