• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто "Шумкар" атайын багыттагы полктун кызматкерлери кары адамдарга азык-түлүк түрүндө жардам көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун Ош шаарындагы 3-батальону улгайган адамдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу "Шумкар" атайын багыттагы полктун басма сөз кызматы билдирди.

"ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полку түзүлгөн күндөн тарта коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоодо, алдыга коюлган тапшырмаларды так, туура жана чоң жоопкерчилик менен аткарууда. Ошону менен бирге ар кандай иш-чараларга активтүү катышып, кайрымдуулук иштерин да жасап келишет. Бүгүн "Шумкар" атайын багыттагы полкунун Ош шаарындагы 3-батальонунун өздук курамы кайрымдуулук көрсөтүү демилгесин көтөрүп, улгайган адамдарга жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга гуманитардык жардам көрсөтүштү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий