• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто сибирь жарасына шектелип 12 адам ооруканага жаткырылды

Аймак 0

Бишкек, 15.08.18. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сибирь жарасына шектелип 12 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын маалыматына караганда, Кара-Кулжа аймактык ооруканасына 12 адам жаткырылган. Алардын аталган илдетке кабылгандыгы тууралуу азырынча лаборатория тастыктай элек.

“Анализдердин жыйынтыгы бир нече күндөн кийин даяр болот. Ооруканага жаткырылгандар профилактикалык жактан дарыланып жатышат”, - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, ооруканадагылардын баары ооруган уйду союуга катышып, анын этин бөлүп алышкан.

Пикир

Оставить комментарий