• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто Сириядагы террордук топ менен байланышы бар 2 жаран эркиндигинен ажыратылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.08.22. /Кабар/. Ош шаарында Сириядагы террордук топ менен байланышы бар 2 жаран эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ошто милиция кызматкерлери тарабынан жүрүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында белгисиз жарандар интернет тармактары аркылуу Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний-экстремисттик уюмга таандык материалдарды жайылтып жүргөндүгү, алардын Сирия мамлекетинде өкмөттүк күчтөргө каршы согушуп жүргөн жарандар менен байланышы бар экендиги аныкталган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдарынын жүрүшүндө алар Кара-Суу районунун жашоочулары 1958-жылы туулган К.К. жана 1975-жылы туулган А.И. экени жана диний-экстремисттик идеяны колдоп жүрүшкөнү аныкталган.

Иликтөө учурунда аларга таандык болгон интернет тармагындагы өздүк баракчаларындагы коюлган жана таратылган фото-видео, текст түрүндөгү материалдарына карата тиешелүү экспертизалар дайындалган. Диний жана лингвистикалык экспертизакызматынын берген корутундуларына ылайык, диний-экстремисттик материалдар экендиги, чет өлкөдөгү диний экстремистттер менен байланышы бар экендиги дагы аныкталган.

Ошентип, тергөө иштери аяктап, кылмыш иши Ош шаардык сотунун кароосуна жиберилген.

19-августта козголгон кылмыш иши боюнча кароо аяктап, К.К. 1 жылга жана А.И. 2 жылга эркинен ажыратылды.

Пикир

Оставить комментарий