• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, шаардык кеңештин депутаты Ашим Осмонов, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин профсоюзунун Ош аймактык комитетинин өкүлдөрү, социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлери катышты.

Саибжан Турдуев кесип ээлерин майрамдары менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымы, калктын аярлуу катмарын сапаттуу тейлөөдөгү ак ниет эмгеги үчүн 19-октябрь –Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата бир нече кызматкерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий