• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 19-октябрда Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин социалдык –маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Ашым Осмонов, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин профсоюзунун Ош аймактык комитетинин төрагасы Бактыбек Пазылов, социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлери катышты.

Н.Кадыров кесип ээлерин майрамдары менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө, Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымы, калктын аярлуу катмарын сапаттуу тейлөөдөгү ак ниет эмгеги үчүн 19-октябрь –Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата бир нече кызматкерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий