• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто өспүрүм үйүндө асынган абалда табылды

Кырсык 0

Бишкек, 30.07.18. /Кабар/. Ошто өспүрүм үйүндө асынган абалда табылды. Мындай маалыматты “Кабар” агенттигине Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, 27-июлда саат 14:00 чамасында Араван районундагы үйдө асынган абалда өспүрүм табылган.

“Бала 15 жашта болгон. Анын ата-энеси бар, бирок экөө тең Россияда иштешет. Калган маалыматтар кийинчирээк берилет”, - деп билдиришти милициядан.

ИИМден билдиришкендей, аталган факт катталды. Иштин чоо-жайы такталып жатат.

Пикир

Оставить комментарий