• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто өспүрүмдөр арасында кичи футбол боюнча эл аралык турнир өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. Ошто өспүрүмдөр арасында кичи футбол боюнча эл аралык турнир өтүп жатат, - деп кабарлайт Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 11, 12 жаштагы өспүрүмдөр арасындагы "Достук кубогу" аталыштагы футзал боюнча турнирдин ачылышына тийиштүү тармактардын өкүлдөрү жана спортчулар катышты.

“Достук кубогуна” Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан жалпы 8 команда катышууда.

Мелдеш 9-декабрда жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрүнө диплом, кубок, медаль, статуэтка жана баалуу белектер тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий