• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто СПИДге каршы жарыяланган бир айлыктын алкагында бир катар иш-чаралар өтөт

Аймак 0

Бишкек, 14.11.18. /Кабар/. Ош облустук СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунда 2018-жылдын 1-ноябрынан 1-декабрына чейин Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата “Өзүңдүн статусуңду бил” ураанында бир айлык жарыяланган. Анын алкагында каалоочу жарандар үчүн жашыруун ВИЧ-инфекциясын тез тестирлөө ыкмасы менен акысыз текшерүүлөр уюштурулат. Текшерүүлөр Ош облустук СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунда жана шаардын бир жогорку окуу жайында жүргүзүлөт.

Эл аралык, бейөкмөттүк уюмдардын, мамлекеттик түзүмдөрдүн, жарандык тармактардын, жаштар жана аялдар комитеттеринин, аскер бөлүктөрүнүн катышуусунда АИВ\ИЖС маселелерине арналган акциялар, медицина кызматкерлердин АИВ/ИЖС боюнча билим денгээлин жогорулатуу максатында семинар, тренинг уюштурулат.

СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата жогорку жана орто окуу жайларда, мектеп окуучулардын суроо-талаптары, боюнча мектептерде БӨУ волонтерлордун жана медициналык кызматкерлердин күчү менен АИВ\ИЖС, ЖЖЖИ жана наркомания боюнча лекциялар өткөрүлөт.

Ошондой эле 1-декабрь- Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата бир айлыкты өткөрүү Ош облусунун боюнча бардык райондордо жана Ош шаарында ураандын негизинде көрнөк-жарнактар таратылат.

Мындан сырткары, 1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата жогорку жана орто окуу окуу жайларда мектептерде, дарылоо-профилактикалык мекемелерде санитардык баракчаларды, стенддерди, дубал газеталарды даярдоо боюнча Ош шаары жана облусу боюнча конкурстар өтөт.

Пикир

Оставить комментарий