• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто спортчулар жана калаа тургундары үчүн акысыз машыгуучу спорт аянтчасы курулууда

Спорт 0

Ош, 11.10.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарында спортчулар жана калаа тургундары үчүн акысыз машыгуучу спорт аянтчасынын курулушу жүрүп жатат.

Мэриянын курулуш чөйрөсүндөгү башкы адиси Шумкарбек Пайзиевдин айтуусу боюнча, аянтча колдонууга болжол менен 20-октябрда берилет.

Аянтчанын сметалык баасы 1 млн 200 миң сомду түзгөн.

“Учурда 15 машыгуучу спорт жабдыктары, атайын отургучтар жана тосмолор орнотулган. Ошондой эле күнү-түнү иштей турган видео көзөмөл бар. Бул аянтчада калаа тургундары каалаган убакта келип, акысыз машыга алышат”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий