• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто спорттун жети түрү боюнча спартакиада башталды

Аймак 0

Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде "Ден соолук - 2023" спартакиадасы башталды.

Аталган окуу жайдан билдиришкендей, спорттук иш-чарага Ош шаарындагы 8 жогорку жана орто окуу жайларынын окутуучулары катышууда.

Спартакиада олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча "Жаштык" дирекциясы тарабынан уюштурулуп, спорттун 7 түрү боюнча өткөрүлмөкчү.

Белгилей кетсек, спартакиаданын жыйынтыгында алдыңкы орун алган командалар көгултүр Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттардын биринде өтө турган республикалык "Ден соолук" спартакиадасына катышууга жолдомо алат.

Пикир

Оставить комментарий