• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто сутка ичинде бир медик коронавируска кабылды

COVID - 19 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Ош облусунда сутка ичинде бир медик коронавируска кабылды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Ал эми үй карантининен 17 медициналык кызматкер айыккан.

"Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 миң 158 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 600 медкызматкер айыкты", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 8-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан учурлардын саны 44 миң 526ны түзөт. Алардын ичинен 40 миң 158 киши айыгып чыкты, 1 миң 62 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий