• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто сутка ичинде дээрлик 50 миң чарчы метр аймак дезинфекцияланды

Аймак 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/.Ош облусунда залалсыздандыруу иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 22-майда ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 8 935 чарчы метр имараттын ичи, 38 230 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 47 миң 165 чарчы метр аймак жана 27 000 погондук метр унаа жолдору дезинфекцияланып, ага жалпысынан 244 кг хлор сарпталган. Иш-чарага 4 техника жана 4 кызматкер тартылган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп топтоло турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар жана дарыканаларда жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий