• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто сууга агып кеткен 6 жашар кыздын сөөгү табылды

Аймак 0

Бишкек, 29-июнь /Кабар/. Ош шаарында сууга агып кеткен 6 жашар кыздын сөөгү табылды. Бул тууралу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жапалак аймактык башкармалыгында 27-июнь күнү саат 17:32 чамасында Ак-Буура дарыясына 2011-жылы туулган кыз агып кеткен. Ошол эле күнү издөө иштерине 24 куткаруучу тартылып, бирок натыйжа болгон эмес.

29-июнда издөө улантылып, Ак-Буура дарыясынын төмөн жагынан 6 жашар Д.Т. жансыз денесин табышып, милицияга өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий