• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто сууга сүзүү боюнча биринчилик өтөт

Спорт 0

Ош, 6-июль /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарында эркектер жана айымдар арасында сууга сүзүү боюнча шаардын биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматынын билдиришинче, турнирге бардык каалоочулар катыша алат. Катышуучулар эки аралыкта таймашышат: 100 жана 50 метрге. Сууга сүзүү 8 июлда Оштогу шаардык “Дельфин” бассейнинде өтөт.

Ош шаарынын мэриясы бардык каалоочуларды турнирге катышууга чакырат. Алдыңкы келгендерге баалуу белектер, мактоо баракчалары тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий