• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто сууга түшүүгө тыюу салынган жерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Ош шаарында сууга түшүүгө тыюу салынган жерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, Ош шаардык куткаруу кызматы тарабынан шаардын тургундарына жана конокторуна жай мезгилинде сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

"Ош шаарынын аймагында жайгашкан бассейндерде, эс алуучу жайларында, Ак-Буура дарыясынын жээгинде жана каналдардын боюнда эс алып отурган учурларда сууга түшүүнүн коопсуздук эрежелерин сактоо зарылдыгы жана сууга уруксат берилген жайда гана чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керектиги эскертилди", - деп билдирет министрлик.

Ошондой эле Ош облустук ички иштер башкармалыгы да, алар тарабынан бүгүнкү күндө Ош облусунун Ноокат, Араван, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун аймагында жайкы каникул убагында жаш өспүрүмдөр арасындагы күн ысыгандыгына байланыштуу дарыя, көлмөлөргө, каналдарга түшүү учурунда кырсыктардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирет.

"Облустун аймагындагы дарыя, көлмөлөрдүн жээктерине эскертүү тактайчалары орнотулууда. Ошондой эле Ош облусунун аймагында жайгашкан эс алуу жайларында коронавирустун жайылуусун алдын алуу, санитардык-эпидемиологиялык, жеке гигиеналык талаптарды так сактоо боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүп келүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы жарандарды сууга түшкөн учурда коопсуздукту сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий