• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто сууга түшүү сезону ачылды

Аймак 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Кечээ, 1-июнь- Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Дельфин” спорт мектебинин жайкы сууга түшүү сезонунун ачылышы болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ага Ош шаарындагы интернаттык мекемелердин тарбиялануучулары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 300гө жакын бала катышты.

Балдарды Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов куттуктап, белектерин берди.

Ошондой эле вице-мэр турмуш шарты оор кырдаалдагы балдарга белектерди берип, жайкы сууда сүзүү сезонун ачык деп жарыялады. Балдарга концерттик программа тартууланып, оюн-зооктор уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий