• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ошто сууга түшүү сезону башталды

Аймак 0

Бишкек, 01.06.23./Кабар/. Ош шаарындагы “Дельфин” бассейнинде 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата сууга түшүү мезгилинин ачылышы болду.

Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев катышып, балдарды бүгүнкү майрамы менен куттуктады.

Майрамдын алкагында, Ош шаарынынын балдар үйлөрүнөн жана мектеп-интернаттарынан келген 200 тарбиялануучуга, шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан оюнчуктар, белектер жана спорттук шаймандар, демөөрчүлөр тарабынан таттуулар жана суусундуктар берилди.

Ошондой эле, балдарга сүйүктүү жомоктордун жана мультфильмдердин образдарын чагылдырган каармандар өз өнөрлөрүн көрсөтүп, “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунун таланттары майрамдык концерт тартуулашты.

Иш-чара Ош шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий