• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто түнү көчөдө жүргөн 44 өспүрүм кармалды. Облуста "Өспүрүм-түн" рейди жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. Ош облусунун аймагында "Өспүрүм-түн" рейди жүрүүдө.

Ош облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган рейд 21-22-23-июль күндөрү өткөрүлүп, облус аймагында жашы жете электердин арасында кылмыштуулуктун, бөөдө-кырсыктардын алдын алуу жана балдардын ден соолугуна, психикалык, руханий, адептик өсүп-өнүгүүсүнө зыян келтирүүлөргө бөгөт коюу максатында жүргүзүлүүдө.

"Рейддин биринчи күнүндө облустун аймагында Жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору тарабынан түнкү убакытта көчөлөрдө, спорттук аянтчаларда, эс алуучу жайларда, көлмө жана аларга жакын аймактарда, интернет клубтарда ата-энелердин же алардын ордун алмаштыруучу адамдардын коштоосусуз жүргөн 44 жашы жете элек аныкталды. Алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ошондой эле балдар иштери боюнча комиссияга сунуштар жөнөтүлдү. Ал эми жашы жете электердин баруусуна тыюуу салынган же чектелген жайлардын ээлерине эскертүүлөр берилди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, мыйзам боюнча жашы жете элек өспүрүмдөрдүн түнкү саат 22:00дөн таңкы саат 06:00гө чейин ата-энелеринин же алардын ордун алмаштыруучу адамдардын коштоосусуз жүрүүсүнө тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий