• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто түндө коменданттык сааттын эрежесин бузган 13 жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Ош облусунда түндө коменданттык сааттын эрежесин бузган 13 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч күндөн-күнгө азайып жатат.

"Буга чейин бир күндө коменданттык саатты бузган 45дей жаран кармалып жатса, бүгүн бул сан 13гө түштү. Илдетти биз сабырдуулук менен жеңебиз", - дейт ал.

Ал эми Ички иштер министрлигинин маалыматында, коменданттык саатты Ош шаарында 8, Ноокатта 1 жана Кара-Сууда 4 жаран бузуп, кармалган.

Эскерте кетсек, Бишкекте 122 жаран коменданттык саатты бузган.

Акыркы маалыматка ылайык, өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 84 кишиге жетти.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам саат 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана жол кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий