• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ошто түнкүсүн компьютердик клубда ойноп отурган 42 өспүрүм аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери рейд учурунда түнкүсүн интернет клубдарында ойноп отурган 42 өспүрүмдү аныктады. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан «Кароосуз балдар» аталыштагы профилактикалык иш-чара өттү.

Рейд учурунда атайын каттоого 8 өспүрүм коюлуп, шаардык балдар комиссиясына кароо үчүн оор шартта жашаган 11 бала боюнча тиешелүү маалыматтар топтолуп, жөнөтүлдү.

Дайынсыз жоголгон бир баланын жүргөн жери такталып, 2 кылмыштын бети ачылды. Түнкүсүн чоӊ адамдын коштоосу жок интернет клубдарында жүргөн 42 өспүрүм балдардын реабилитациялык борборуна алып келинди. Бул балдар окуган тешелүү билим берүү мекемелерине, социалдык коргоо тармагына 31 кат жөнөтүлдү.

Милициядан кошумчалашкандай, өз балдарына тешелүү көңүл бурбай, милдеттерин аткарбаган ата-энелерге карата 21 протокол түзүлдү.

Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан аталган багытта ишти күчөтүү тапшырылып, жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалуучу кылмыштардын жана жаш өспүрүмдөргө карата жасалуучу кылмыштардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий