• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто түрк тасмалар жумалыгы өтүп, үч кино акысыз көрсөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 16.09.19. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 17-19-сентябрь күндөрү Ош шаарында түрк тасмалар жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин, ТҮРКСОЙ уюмунун жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен Жергиликтүү ой-пикир коому тарабынан уюштурулууда. Эске салсак, быйыл Ош шаары - Түрк дүйнөсүнүн маданият борбору болуп жарыяланган .

"КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Ош шаардык мэриясынын колдоосу менен өткөрүлө турган түрк тасмалар жумалыгында тасмалар акысыз көрсөтүлөт жана Түркияны таанытуу станды орнотулуп, брошюралар таратылат", - деп айтылат маалыматта.

Түркиядан келген режиссерлор, актёрлор жана продюсерлер менен кыргыз кино тармагында иш алып баргандар менен жолугушуулар жана маектешүүлөр өткөрүлмөкчү.

Иш-чаранын алкагында төмөнкү тасмалар көрсөтүлөт:

1. Бөрү;

2. Биз үчүн чемпион;

3. Жигердүү топ (Анимациялык тасма).

Программа

17-сентябрда шаардагы Семетей кинотеатрында саат 19.00дө ачылыш коктейл, саат 19.30да ачылыш сөзү, ал эми саат 20:00дө "Бөрү" тасмасы көрсөтүлөт.

18-сентябрда шаардагы Нур кинотеатрында саат 17.00дө "Бөрү" тасмасы көрсөтүлөт, саат 19.30да болсо "Биз үчүн чемпион" тасмасы тартууланмакчы.

Ал эми 19-сентябрда Нур кинотеатрында саат 17:00дө "Жигердүү топ (Анимация – Балдар үчүн)", тасмасы көрсөтүлөт, саат 19.30да "Биз үчүн чемпион" тасмасын көрүүгө болот.

Түркиядан келе турган коноктор:

  1. Сезгин Эрдемир (Акт2р – “Дирилиш Эртугрул” сериалы),
  2. Эдип Зейдан (Актёр – “Дирилиш Эртугрул” сериалы),
  3. Йешим Кожаман (Продюсер),
  4. Вилдан Атасевер (Актриса),
  5. Ахмет Эдебали (Продюсер).

Пикир

Оставить комментарий