• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто түрк тилдүү мамлекеттердин акындарынын айтышы өтөт

Аймак 0

Бишкек, 20.05.19. /Кабар/. Бүгүн, 20-майда Ош шаарында азербайжан элинин белгилүү акыны Имадеддин Насиминин 650 жылдыгына карата түрк тилдүү мамлекеттердин акындарынын поэзия кечеси өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага Түркия, Азербайжан, Македония, Өзбекстан, Казакстан, Якутия, Башкыртстандын акындары жана Түркиядан ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлдөрү катышат.

Иш-чара Кыргыз-Өзбек университетинде саат 16:30да башталат.

Пикир

Оставить комментарий