• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ошто түрк тилдүү мамлекеттердин акындарынын поэзия кечеси өттү

Аймак 0

Ош, 22.05.19. /Кабар/. Оштогу Кыргыз-Өзбек университетинде азербайжан элинин белгилүү акыны Имадеддин Насиминин 650 жылдыгына карата түрк тилдүү мамлекеттердин акындарынын поэзия кечеси болуп өттү.

Кеченин ачылыш аземине Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) Башкы катчысы Дюсен Касеинов, Оштун вице-мэри Нурбек Кадыров, ТҮРКСОЙдун Кыргызстандагы өкүлү Кожогелди Култегин, Түркия, Азербайжан, Македония, Өзбекстан, Казакстан, Якутия, Башкортостан жана Кыргызстандан келген акындар катышты.

Иш-чаранын алкагында белгилүү акын Имадеддин Насиминин жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу кыскача тасма көрсөтүлгөн.

Поэзия кечесине катышкандардын тизмеси:

1. Кожогелди Култегин, Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү, Кыргыз эл акыны.
2. Осман Баш, DüNYADER башчысы, акын (Түркия).
3. Xайреттин Ивгин, жазуучу-акын (Түркия).
4. Айхан Насухбейоглу, мамлекеттик ишмер, акын (Түркия).
5. Кенан Чарбога, агартуучу, акын (Түркия).
6. Элчин Исгандарзаде, Техника илимдеринин доктору жана филология илимдеринин доктору, акын (Азербайжан).
7. Акиф Ахматов, акын (Азербайжан).
8. Мехмед Акиф, акын (Македония).
9. Токхир Каххаров, акын (Өзбекстан).
10. Анатолий Слепцов, акын (Саха-Якутия).
11. Xисматулла Юлдашев, акын (Башкортостан ).
12. Тамара Юлдашева, акын (Башкортостан ).
13. Алтынай Темирова, акын (Кыргызтан, Бишкек).
14. Бурулкан Карагулова, акын (Кыргызстан, Бишкек).
15. Өмүрбек Дөлөев, акын (Кыргызстан, Нарын).
16. Карлыгач Жумакадырова, литератор (Кыргызстан, Бишкек).
17. Манап Алиев, акын (Кыргызстан, Ош).
18. Турабай Жороев, акын (Кыргызстан, Ош).
19. Маржан Ершу, акын (Казакстан, Нур-Султан).

Пикир

Оставить комментарий