• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто түрк тилдүү мамлекеттердин сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылды

Аймак 0

Ош, 31.05.19 /Кабар/. Ошто “Сулайман-Тоо” музей комплексинде 30-май күнү “Байыркы Ош шаары 21-кылымдын сүрөтчүлөрүнүн көзү менен” аттуу Түрк тилдүү өлкөлөрдүн сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылды.

Көргөзмөнүн ачуу аземине Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, “ТҮРКСОЙ” түрк маданияты Эл аралык уюмунун КРдагы өкүлү Кожогелди Култегин, “Сулайман-Тоо” музей комплексинин директору Султан Абдыракманов жана Түркия, Казакстан, Түркмөнстан, Венгрия, Якутия, Башкортостан, Азербайжан, Өзбекстандан келген жана Кыргызстандык сүрөтчүлөр катышкан.

Ж.Азимов баардык сүрөтчүлөрдү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун атынан көргөзмөгө катышуусу үчүн ыраазычылык билдирип, алар шаардын маданий, социалдык жактан өнүгүүсүнө чоң салым кошкондуктарын баса белгиледи. Ошондой эле аткаминер, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн сүрөтчүлөрү байыркы Ош шаарынын бай маданий мурасын жана ажайып кооздугун көрсөтө алышкандыгын баса белгилеген.

Көргөзмөгө:
- Мехмет Санжар Мулазимоглы (ТҮРКСОЙ);
- Кожогелди Кулуев (ТҮРКСОЙ);
- Сапарбай Осмоналиев (Кыргызстан);
- Умирбек Жубаниязов (Казакстан);
- Мехмет Али Доган (Түркия);
- Хожагулы Хожагулиев (Түркмөнстан);
- Мехмет Сарилер (Түндүк Кипрдеги Түрк Республикасы);
- Леа Тос (Венгрия);
- Семен Никифоров (Саха, Якутия);
- Айгүл Ишбердина (Башкортостан);
- Хуршид Назаров (Өзбекстан);
- Парвиз Алакбарли (Азербайжан);
- Кубаныч Мамарайимов (Кыргызстан, Ош);
- Исмаил Ормонов (Кыргызстан, Ош) аттуу сүрөтчүлөр катышышкан.

Ош шаарынын мэри сүрөтчүлөргө сыйлыктарды жана белектерди тапшырса, “ТҮРКСОЙ” уюму тиешелүү сертификаттарды ыйгарган. Ал эми иш-чаранын аягында сүрөтчүлөргө “Сулайман-Тоо” комплекси боюнча экскурсия уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий