• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто төрт күндөн кийин мал базарлар ачылабы? — өкүлчүлүктүн расмий жообу

Аймак 0

Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. Ош облусунда 24-майдан тартып мал базарлар иштей баштайт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, WhatsApp тиркемеси аркылуу Ошто мал базарлардын иштешине уруксат берилди деген билдирүү тарап жатат.

"WhatsApp тиркемеси аркылуу тарап жаткан маалымат жалган. Мал базарлардын ачылышына азырынча уруксат жок. Карантиндик кырдаалга жараша июнь айында ачылышы күтүлүп жатат. Андыктан, төмөндөгү маалыматка ишенбегиле, мал базарларга барбагыла", - деп айтылат маалыматта.

На изображении может находиться: текст

Эскерте кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт.

Кыргызстанда 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий