• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто “Түштүк Экспо 2017” өндүрүш көргөзмөсү өтөт

Аймак 0

Ош, 11.09.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарында 12-14-сентябрга чейин “Түштү Экспо 2017” өндүрүш көргөзмөсү өтөт. Анда жакынкы 8 чет өлкөдөн келген продукциялар коюлат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомстванын маалыматына ылайык, 12-сентябрдан тарта “Ош-Таатан” соода борборунда тамак-аш азыктарын жана керектөө буюмдарын көргөзмөсү болот. Көргөзмөдө өз продукцияларын Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Малайзия, Ирак, Казакстан, Белоруссия, Россия жана Кыргызстандын алдыңкы компаниялары жана соода өкүлдөрү тартуулашат.

Иш чаранын алкагында келген коноктор үчүн тамак-аш, кийим-кече, бут кийим, техника жана аксессуарлар, ийдиш-аяк, мебель жана башка өнүмдөгү продуктулар көрсөтүлмөкчү.

Көргөзмөнүн уюштуруучусу КР Соода-өнөр жай палатасынын түштүк департаменти, техникалык колдоо көрсөткөн "BiExpo" компаниясы.

Пикир

Оставить комментарий