• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто “Түштүк-ЭКСПО-2021” эл аралык көп тармактуу көргөзмө-жарманкеси башталды

Аймак 0

Бишкек,28.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 28-сентябрь күнү Ошто “Түштүк-ЭКСПО-2021” эл аралык көп тармактуу көргөзмө-жарманкесинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчулүгунүн басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, 500дөн ашуун жергиликтүү ишкерлер, чет өлкөнүн элчилери, дипломаттар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

“Түштүк-ЭКСПО-2021” эл аралык көп тармактуу көргөзмө-жарманкесинин максаты: Ош облусунда Эл аралык соода экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, мындан ары бекемдөө, инвестиция тартуу жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн өндүргөн товарларын экспортоого колдоо көрсөтүү.

“Түштүк-ЭКСПО-2021” эл аралык көп тармактуу көргөзмө-жарманкесинин алкагында бир катар иш-чаралар өткөрүлүп, 30-сентябрга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий