• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто тааныштарын тамашага салган депутатка кылмыш иши козголду

Аймак 0

Ош, 25.09.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ноокат райондук кеңешинин досторун тамашага салган депутатына КР КК 234-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматынын маалыматында, 26 жаштагы депутат Ж.Ж. өзүнүн досторуна аны уурдап кетишкенин билдирген. Достору өз кезегинде укук коргоо органдарына айткан. Депутаттын достору жана туугандары менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө чараларынын натыйжасында депутат Ош шаарынын Туран кичи районунда өзүнүн унаасынын багажынан табылган.

“Унаанын багажын ачканда ал досторун, туугандарын жана милиция кызматкерлерин таң калтырып күлүп чыгып келген. Ал байлануу болгон эмес”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, айрым маалымат булактары боюнча Ж.Ж. мамлекеттик мекемеде иштейт, Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери комитетинин төрагасынын орун басары болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий