• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ошто таэквондо боюнча мелдеш өттү

Аймак 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. Кечээ, 26-мартта Ош шаарында ITF таэквондо боюнча шаардын ачык биринчилиги өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, беттештерге Ош облусунун жана Ош шаарынын спортчулары катышкан. Мелдештин ачылыш аземине Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасынын орун басары Улан Авазбеков, спортчулар жана спорт күйөрмандары катышты.

Таймашка 6 жаштан 18 жашка чейинки 150гө жакын спорчулар катышып, 21 салмак категориясы боюнча мелдешти.

Жеңүүчүлөргө шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан медалдар, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

Башкы калыс, машыктыруучу Фарух Садыковдун айтымында, мелдештин негизги максаты республикалык, эл аралык мелдештерге Ош шаарынан мыкты спортчуларды жана курама командаларды тандап алуу, спортту калк арасында жайылтуу, аларды спорт менен машыгууга үндөө болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий