• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто талапка жооп бербеген 7 мал союучу жайдын иши токтотулду

Аймак 0

Бишкек, 06.03.19 /Кабар/. Ош шаарында талапка жооп бербеген 7 мал союучу жайдын иши токтотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Эгерде мал соючу жайларда санитардык абал сакталып, талаптагыдай иштер аткарылса, иштетүүгө уруксат берилет.

Буга чейин атайын комиссия мал союучу жайларды текшерүүгө алып, эскертүү берип келген.

Талапка жооп бербеген мал союучу жайлар элдин ден-соолугу үчүн жабылган, - деп кошумчалады мэрия.

Пикир

Оставить комментарий