• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто талапка жооп бербеген көрнөк-жарнактарды алып салуу уланууда - сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 22.03.19. /Кабар/. 20-мартта Ош шаарынын Г. Айтиев, Р.Абдыкадыров жана Амир-Тимур көчөлөрүндө сырткы жарнак жайгаштыруу жана мамлекеттик тил нормаларына жооп бербеген жарнамаларды муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан алып салуу иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында, эскирген 16 даана дубалдагы жарнамалар, 10дон ашуун штендерлер, 8 даана такси кызматтардын жана автомектеп тактайчалары жыйналып алынып салынды.

Имараттардын дубалдарын баннердик жасалгалоодон баш тартып, ички жарыктануусу бар көлөмдүү тамгалар жана лайт-бокстор менен кооздоону сунуштайбыз.

Мындай текшерүүлөр шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасына ылайык жүргүзүлүп жатат, - деп кабарлашты Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий