• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто талаптарды аткарбаган 13 ишкердик объектке айыппул салынып, 51 ишкана жабылды

Аймак 0

Бишкек, 11.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош шаарында талаптарды аткарбаган 13 ишкердик объектке айыппул салынып, 51 ишкана жабылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов брифингже билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарында 11-майга карата 7 мобилдик топ тарабынан 691 объект текшерилди.

"Санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбаган 13 ишкердик объектке айыппул салынды. Ошондой эле талаптарды сактабаган 51 ишкана жабылды", - дейт Сарыбашов.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1016га жетти. Алардын ичинен 235и медицина кызматкери. Илдеттен 688 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий