• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 6-ноябрда Ош шаарында “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнү белгиленди, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахматжан Махамадов, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер “Өчпөс от” мемориалдык комплексине гүл чамбарларды коюп, ата-бабаларга куран окушту.

Ошондой эле Ош шаарынын вице-мэрлери, мэриянын өкүлдөрү, шаардык мекеме ишканалардын жетекчилери Султан Ибраимов, Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков, Алымбек Датка, Курманжан Датка, Исакбек Монуев жана Апсамат Масалиевдин эстеликтерине гүл чамбарларды коюп, эскеришти.

Пикир

Оставить комментарий