• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто таштандыдан башсыз денеси табылган аялдын өздүгү такталды

Аймак 0

Бишкек, 29.08.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Ошто таштандыдан башы жок табылган маркумдун өздүгү такталды. Ал Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын тургуну 1966-жылы туулган Арзыбаева Жумагүл Боронбаева болуп чыкты. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Иликтөө ишинин жүрүшүндө маркумдун өздүгү такталды. Учурда анын өлүмүнө шектүү делип келини 1990-жылы туулган У.А жана анын бир тууган эжеси 1980-жылкы Г.К кармалды”,-деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, кечээ, 28-августта, саат 10:00 чамасында Ош Мамлекеттик социалдык университетинин маңдайындагы таштанды челектен “Ош-Тазалык” ишканасынын кызматкерлери болжол менен 40-45 жаштагы башы кесилген аялдын денесин таап чыгышкан.

Учурда териштирүү иштери уланууда

Пикир

Оставить комментарий