• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто таштандыдан башы кесилген аялдын жансыз денеси табылды

Аймак 0

Ош, 28.08.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарынын түштүк-чыгышында таштанды челегинен башы кесилген аялдын денеси табылды. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Ош Мамлекеттик социалдык университетинин маңдайындагы таштандыдан “Ош-Тазалык” ишканасынын кызматкерлери болжол менен саат 10:30 40-45 жаштагы башы кесилген аялдын денесин таап чыгышкан.

“Андан сырткары, аялдын бутун кесүүгө аракет кылышкан. Учурда аталган факты боюнча ыкчам иликтөө кызматы түзүлүп, аялдын өздүгү такталууда”,- деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий