• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто таштандыны туура эмес таштагандар айыпка жыгылат

Аймак 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев шаардык прокуратуранын жана Ош-Тазалык ишканасынын өкүлдөрүнүн жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчыларынын катышуусунда жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында КРнын бузуулар кодексинин аткарылышы талкууланып, прокуратура өкүлдөрү тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Таштандыны туура эмес таштагандарга МАБтар тарабынан көзөмөл солгундап кеткени айтылды. Эми бул багытта иштерди күчөтүп, кодексте белгиленгендей айып пулдарды салуу, абоненттердин санын тактоо тапшырмалары берилди.

Пикир

Оставить комментарий