• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто өткөн жылы 4,1 млрд сомго 244 объектте курулуш иштери жүргүзүлгөн

Аймак 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. Ош облусу боюнча 2020-жылы 4 млрд 149 млн 100 миң сомго 244 объектте курулуш иштери жүрүп, анын ичинен 124 объект бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, бүткөрүлгөн курулуш объекттерге сарпталган акча каражатынын жалпы суммасы 1 млрд 212 млн 800 сомду түздү.

"Капиталдык салымдар" беренесинен каржыланып, курулушу башталган объекттердин жалпы саны 197ни түзөт. Анын ичинен 2020-жылга карата 73 объект титулдук тизмеге киргизилип, республикалык бюджеттен 515,4 млн сом акча каражаты каралды жана 463,8 млн сом бөлүнүп берилди. Көрсөтүлгөн 73 объекттин ичинен сметалык баасы 2 млрд 400 миң 700 сомду түзгөн 54 объектте курулуш иштери жүргүзүлдү. 2020-жылы 23 объекти бүткөрүү пландалып, анын ичинен 19 объект бүткөрүлүп пайдаланууга берилди.

Жергиликтүү бюджеттердин эсебинен сметалык баасы 392 млн 200 миң сом болгон 69 объектти куруу иштери башталган. Алар 2 мектеп, 5 медициналык мекеме, 15 бала бакча, 4 спорт зал, 7 спорттук аянтча, 5 таза суу жана 31 ар кандай курулуш мекемеси. 69дун ичинен 40 объект бүткөрүлдү, каржыланган акча 109 млн 700 миң сомду түзөт.

Жеке ишкерлердин эсебинен 477 млн 500 миң сом акча каражаты сарпталуусу каралып, 49 объектте курулуш иштери башталган. Алар 2 медициналык мекеме, 6 бала бакча, 8 спорт зал, 6 спорт аянтча, 1 таза суу объекттери, 9 өнөр жай ишканалары, бир логистикалык борбор жана башка курулуштар. 49дун ичинен 33 объект бүткөрүлдү, каржыланган акча 264 миллион 300 миң сом.

Чет элдик инвесторлордун эсебинен 1 млрд 374 млн 700 миң сом болгон 72 объектти куруу иштери башталган. Алар 8 мектеп, 17 медициналык мекеме, 7 бала бакча, 1 спорт зал, 1 спорттук аянтча, 6 мечит, 6 таза суу, 2 өнөр жай ишкана, 24 ар кандай курулуш мекемеси. 72нин ичинен 32 объект бүткөрүлдү, каржыланган акча 254 миллион 500 миң сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий