• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто троллейбус-автобустар 4 каттам боюнча эртең менен жана кечинде каттап турат

Аймак 0

Бишкек, 22.03.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалга байланыштуу Ош шаарында №1, №2 троллейбустук жана №12, №13 автобустук каттамдар күнүнө эртең менен жана кечинде каттай баштайт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мындай чечим кырдаалга жараша керектүү кызматтардын кызматкерлерин ташуу үчүн кабыл алынган.

Каттамдар 23-марттан баштап ишке кирет:

Эртең мененки каттамдар: 1-рейс - саат 7:00, 2-рейс - саат 7:30, 3-рейс - саат 8:00.

Кечки каттамдар: 1-рейс - 18:00, 2-рейс - 18:30, 3-рейс - 19:00.

Аталган троллейбус жана автобустар көрсөтүлгөн убакыттарда токтоочу жайдан (конечная остановка) жөнөйт.

Пикир

Оставить комментарий