• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто тротуарлар курула баштады

Аймак 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Ош шаардык жолдор башкармалыгы тарабынан тротуар куруу жана оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Анар кичи районундагы тротуарларды реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Анын узундугу 500 метрди түзүп, эки тарабына ирригациялык лотоктор төшөлүүдө.

Мэриядан кошумчалашкандай, жумуш 10 күндө бүтөрү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий