• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто тротуарлардагы мыйзамсыз соода менен күрөш күчөтүлдү

Коом 0

Ош, 09.08.18. /Кабар/. Ошто тротуарлардагы мыйзамсыз соода объектилери менен күрөштү күчөтүшүүдө. 55 жарнама объектиси жана 10дон ашык соода объектиси алынды.

Шаардын мэри Таалайбек Сарыбашовдун токтомунун негизинде, шаар тургундарынын ишмердүүлүгү үчүн жакшы шарттарды түзүү максатында мэриянын атайын комиссиясы жөө жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаратып тротуарда жайгашкан мыйзамсыз объектилерди аныктоо боюнча рейддерди жүргүзүшүүдө.

Вице-мэр Шакир Зулимов, мэриянын аппаратынын өкүлдөрү, мамлекеттик экотехинспекциянын, муниципалдык менчик башкармалыгынын, көзөмөлдөөчү органдардын кызматкерлеринен турган топ Масалиев, Навои, Исанов, Зайнабетдинов көчөлөрүндө рейд жүргүзүштү.

Рейд учурунда 55 мыйзамсыз орнотулган жарнама объектилери жана 10 мыйзамсыз соода объектиси алынган.

Вице-мэр Шакир Зулимовдун айтымында, комиссия тротуарларды тыкыр текшерүүдө.

Рейддердин алкагында “Мамлекеттик тил жөнүндө” КРнын мыйзамы боюнча дүкөндөрдү, сулуулук салондорун, окуу борборлорун жана кафелерди текшерүү иши жүрүүдө.

Рейддер уланууда жана шаардын бардык кичирайондорунда жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий