• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто турак үйдүн жана сарайдын чатыры толугу менен күйүп кеткен

Аймак 0

Бишкек, 19.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Ноокат районундагы Гүлистан айылында турак үйдүн чатыры күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрт кечээ, болжол менен саат 06:57 чамасында катталган.

“108 чарчы метр жыгач устундуу черепица жабылган турак үйдүн чатыры толугу менен жана 108 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган мал сарайдын чатыры күйүп кеткен. Андан сырткары 50 түк чөп күйгөн. Кырсыктын себеби электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий