• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ошто турмуштук оор кырдаалдагы үй-бүлөлөрдү социалдык жактан коргоо боюнча жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-сентябрь күнү Ош облусунда турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык жактан коргоо боюнча жыйын өткөрүлдү.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага облус башчысы Зиядин Жамалдинов, орун басары Данияр Жаныкулов, Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын орун басарлары, райондук билим берүү жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары, ошондой эле балдардын кызыкчылыгын коргоо жаатында иштеген эксперттер катышты.

Жыйында балдардын кызыкчылыгын алдыга жылдыруу жана коргоо маселесиндеги аткарылган иштер, жашы жете элек жана өспүрүм балдар менен иш алып баруу жана балдардын кызыкчылыгын алдыга жылдыруу жана коргоо маселеси боюнча пландаштырылган иш-чаралардын долбоору тууралуу талкуу жүрдү.

Ош облусунун башчысы тиешелүү тармак жетекчилерине балдарды коргоо, аларга карата зордук зомбулуктарды алдын-алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларды күчөтүү тапшырмасын берди.

“Бүгүнкү жыйында Ош облусунун райондорундагы социалдык адистердин өз ишин жакшы алып барбаганы ачыкталды. Сиздер кабинеттен чыкпай отуруп, кагазга аткарбаган жумуштарды эле отчет кылып отурбаңыздар. Бул тармака өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Мындай жыйындарды эми квартал сайын өткөрөбүз. Аярлуу катмардагы үй-бүлөлөр жана балдарды социалдык жактан коргоо боюнча иш алып барбаган тармак жетекчилердин кызмат ордун да карайбыз”, - деди Зиядин Жамалдинов.

Пикир

Оставить комментарий