• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ошто Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгын чагылдырган сүрөт көргөзмө ачылды

Аймак 0

Бишкек, 22.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 22-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына карата сүрөт көргөзмө ачылды. Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов, Тышкы иштер министрлигинин Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирланбек Исмаилов жана Оштогу дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү катышты.

Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, иш-чаранын негизинде катышуучулар Кыргызстандын акыркы 75 жыл аралыгында тышкы саясий чөйрөдө басып өткөн жолун чагылдырган сүрөт көргөзмөгө күбө болушту. Анда министрликтин түптөлүү тарыхы, өнүгүү этаптары, ишмердүүлүгү, чыгаан кыргыз дипломаттары жөнүндө жана Кыргызстан менен чет мамлекеттердин ортосундагы дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө кол коюлган уникалдуу документтердин көчүрмөлөрү коюлган.

Андан тышкары, сүрөт көргөзмөдө Кыргызстан Эл аралык уюмдарга толук кандуу мүчө болуп кирген мезгилден бир нече элестер көрсөтүлүп, Ош шаарына чет жерден келген жогорку деңгээлдеги расмий коноктордун жумуш сапарларынан көз ирмемдер чагылдырылган.

Мирланбек Исмаилов сүрөт көргөзмөнүн негизги максаты ТИМдин 75 жылдык тарыхы, өнүгүү мезгилдери жана ишмердүүлүгү менен коомчулукту тааныштыруу экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий