• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто уй этинин баасы 20-30 сомго арзандайт

Аймак 0

Бишкек, 21-июнь /Кабар/. Кечээ, 20-июнда Ош шаарында сатылып жаткан уй этинин баасын арзандатуу боюнча атайын жыйын болуп өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, экономика жана каржы бөлүмүнүн өкүлдөрү, монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агентигинин Ош шаарындагы бөлүмүнүн, шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчылары, аймактык кеңешинин төрагалары, эт сатуучу дүкөндөрдүн ээлери катышты.

Вице-мэр Асылбек Топчубаев экинчи борбор калаадагы этке болгон баанын көтөрүлүшү карапайым элге оор келээрин айтып, 20-30 сомго арзандатууну сунуштады.

“Акыркы күндөрү шаарда эттин баасы жогорулап, 320-330 сомдон болуп жатат. Эл капчыгын да ойлошубуз керек. Андыктан Ош шаарынын мэриясы тарабынан атайын комиссиялык топ түзүп, мониторинг жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында малдын этин 300 сомдон сатуу боло тургандыгы аныкталды. Башка шаарларда да мал этинин баасы 300 сомдон сатылып жатат”,-деди А.Топчубаев

Жыйындын соңунда мындан ары эттин баасы 300 сомдон гана сатылары тууралуу токтом кабыл алынды. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаарындагы бөлүмүнүн кызматкерлери нарктын бир баада турушун көзөмөлгө алып турары айтылды. Ошондой эле, эт сатуучу жайлардын тазалыгын көзөмөлдөө шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий