• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 03.05.18. /Кабар/. Ош шаарынын жайкы сахнасында “Шайыр апалар” телефестивалы катышуучулардын гала концерти менен жыйынтыкталды. Ага жалпысынан Кыргызстандын жети облусунан келген 43 чыгармачыл топ катышып, элдик ырларды жалпы келген көрүүчүлөргө тартуулашты.

Белгилей кетсек, бул иш-чара “Региондорду өнүктүрүү жылынын” алкагында Кыргыз телевидениясынын 60 жылдыгына арналып Коомдук телерадио корпорациясы жана Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулду.

Телефестивалдын Гран-Приси Ысык-Көл облусунан келген “Ысык-Көл ажары” чыгармачыл тобуна тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий