• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто УКМК кызматкери бейбаштыктын курмандыгы болду. Шектүүлөр кармалды

Кырсык 0

Бишкек 21.06.21. /Кабар/. Ошто УКМК кызматкери бейбаштыктын курмандыгы болду, - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 20-июнунда КР УКМК кызматкерине топтолгон жаш балдар тарабынан жасалган бейбаштыктын натыйжасында, УКМК Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери каза болду.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 4-бөлүмү “Бейбаштык менен өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголуп, адам өлтүрүүгө шектелгендер кармалды.

УКМК курман болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир

Оставить комментарий