• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто ультрафильтрацияланган сууну тазалоонун жаңы системасы сыноодон өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 27.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 27-июнда жаңы пилоттук долбоордун – “Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасынын суу алуучу жайында ультрафильтрацияланган сууну тазалоо тутумун сыноодон өткөрүү презентацияланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, пилоттук долбоордун алкагында 1 даана ультрафильтрациялык суу тазалоочу агрегат орноткон “CIC” ЖЧКсынын өкүлдөрү катышты.

Вице-мэрдин айтымында, пилоттук долбоордун алкагында учурда саатына 4 м3 сууну тазалаган системанын бирөөсү орнотулду.

“Баарыңыздарга белгилүү болгондой, мэр Алмаз Мамбетовдун демилгеси менен Ош шаарында Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте Ак-Буура дарыясынын жогору жагындагы сууну 2,2 чакырымга сел кооптуулугу жок аймактарга өткөрүү долбоорун ишке ашыруу пландалууда. Долбоордун ишке ашырылышы суу көйгөйүн 80%га жакын чечет. Бирок учурда Папан суу сактагычынын аймагындагы селден улам 20% сууну убактылуу өчүрүүгө туура келет. Бүгүн сыналып жаткан система ошол 20%ды чечүүгө багытталган. Сынактын жыйынтыгында компания арыз берип, бүгүнкү күндө пилоттук долбоордун алкагында тесттик режимде дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө колдонулуп жаткан бул ультрафильтрациялуу сууну тазалоо системасын орнотту.

Ультрафильтрация ыкмасы менен сууну тазалоо системасы дарыядагы суунун өзгөргөн параметрлерине карабастан сууну тазалоодо заманбап жана эффективдүү чечим болуп саналат. Технология ошондой эле дарыядагы сууну алдын ала хлорлоосуз жогорку эффективдүү дезинфекциялоого кепилдик берет”, - деп белгиледи Жунусбаев.

Атайын мембраналарды колдонуу менен бул суу тазалоо системасынын иштөө артыкчылыктары:

- микроорганизмдерди жана вирустарды ишенимдүү жок кылуу;

- суу ташкындарынан улам суунун ылайлануусу жогору болгон учурда сууну тазалоо;

- микропроцессордук контроллердин негизинде толук автоматташтырылган башкаруу;

- жайгаштыруу үчүн минималдуу аянтты талап кылган жабдуулардын ыңгайлуулугу

- алдын ала хлорлоо боюнча чыгымдарды алып салуу.

Пикир

Оставить комментарий