• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кечирим сурашты. Ошто улгайган адамга акаарат кылган эки жаш жигит кармалды – видео

Аймак 0


Бишкек, 04.02.19. /Кабар/. Ош шаарында аксакал адамга кол көтөргөн өспүрүмдөр кармалышты. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 2-февралында интернет булактарында эки жаш баланын улгайган кишини келекелеп, кол көтөргөн видеосу жарык көргөн. Ал видео "Ош шаарында тартылуусу мүмкүн" деген божомолдор чыккан.

Натыйжада, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери окуя Ош шаарында болгондугун жана видеотасмадагы балдардын өздүгүн аныктаган.

Кары адамга кол көтөргөн өспүрүмдөрдүн айтымында алар Оштогу окуу жайларынын биринин студенттери болушат. Кармалгандар 2002-жылы туулган.

Алар өздөрүнүн бул аракеттерин жабыр тарткан аксакалдын "ичимдик ичип, өздөрү жашаган аймакка көп келе бергендиктен ушундай кылдык" деп түшүндүрүшкөн. Аксакалга кол тийгизген видеотасма жарыя болуп кеткен соң, жасаган кадамдары туура эмес болгондугун сезишкен. Мындан улам алар кечирим сураган видеотасма түшүрүшүп, интернетке жүктѳшкѳн.

Кармалган балдар милициянын бөлүмүндө да аксакал адамдан кол көтөргөнү үчүн кечирим сурашкан. Балдардын биринин кастет алынган.

Факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "ээнбаштык" катары катталган.

58 жаштагы жабырлануучу үч баланын атасы болуп, Оштогу мекемелердин биринде кароолчу болуп иштейт. Ал өспүрүмдөргө карата арыз жазуудан баш тарткан.

"Бул балдар жаштык кылып коюшту. Алардын келечегин бузгум келбейт. Аларды кечирдим. Алар жаштык кылган болсо, мен токтолуп калган кишимин", - деп билдирген ал.

Иликтөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий